ПЕРИСАТ АБДАЛИЕВА БАЛАЛЫКТЫН БАРААНДУУ ЖОЛУ (Ч.Айтматовдун балалыгы жөнүндө) Бул жарык көргөн поэма дүйнө жүзүнө аттын кашкасындай таанымал, көрүнүктүү жазуучубуз АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкуловичтин (1928-2008) балалык өмүр жолун толук ыр түрүндө баяндап, кеңири маалымат берген алгачкы эмгек. Бул поэма хорват, англис жана түрк тилдеринде да которулуп, басмага даярдалып жатат. Бул чыгарманы окуп чыккан ар бир окурман Улуу жазуучубуздун кичинекей кезинен берки эсте калган окуяларына сүңгүп кирип, анын баёлук таза сыпаттары, балалык оор тагдыры менен кенен таанышып, жазуучубуздун ошол окуяларынын таасири астындагы пайда болгон күчтүү чыгармаларында дал ошол протатиптердин болушуна күбө боло алат. Китеп окурмандардын калың катмарына арналды. CODE-ART]
ThriftBooks sells millions of used books at the lowest
everyday prices. We personally assess every book's quality and offer rare, out-of-print treasures. We
deliver the joy of reading in recyclable packaging with free standard shipping on US orders over $15.
ThriftBooks.com. Read more. Spend less.